21.06.2019 15:35

Москвадагы массалык мушташ. Киши өлтүрүүгө шектелген кыргыз жараны 15 жылга кесилиши мүмкүн

Москвадагы массалык мушташ.  Киши өлтүрүүгө шектелген кыргыз жараны 15 жылга кесилиши мүмкүн

Москвада массалык мушташтан каза тапкан кыргыз жаранынын өлүмүнө шектүү кармалды. Бул туурасында ИИМдин РФ Өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Ош облусунун Өзгөн районунун 20 жаштагы Ы.Н. аттуу тургунуна  Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренесинин 1-бөлүмү (Өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, 20-июнь күнү Москва шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Аталган беренеде 15 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Андан сырткары Москва шаарынын Соколиная гора райондук полиция бөлүмү мушташтын айынан 3 кыргыз жаранынын денелеринен ар кандай жаракаттарды алган фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.  Шектүү катары кыргыз жараны, Ош облусунун Өзгөн районунун 21 жаштагы К. Ч. аттуу тургуну кармалды. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы боюнча кылмыштын курамын өзгөртүү меселелери чечилүүдө. Полиция кызматкерлери жогорудагы кылмыш иштерине тиешеси бар башка шектүүлөрдү кармоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө.

Окуянын чоо-жайы

2019-жылдын 19-июнь күнү саат 05:33 чамасында Москва шаарынын Соколиная гора райондук бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө Большая Семеновка дарегинде азият түспөлүндөгү
жарандардын ортосунда мушташ болуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Беш мүнөт өтпөй, «Электрозаводская» станциясында кыргыз жараны бычактан жаракат алып, жерде жатканы маалым болгон.  Ал Жалал-Абад облусунун Аксы районунун 20 жаштагы М.Н. аттуу тургуну болуп чыккан.  М.Н.  Россиянын аймагында 2018-жылдын сентябрь айынан бери эмгектенип жүргөн.

Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу келишип, 19-июнь күнү болжол менен саат 05:20 чамасында «Ысык-Көл» кафе-ресторанынын жанында эки топ болгон 10-15 азият түспөлүндөгү жарандардын ортосунда чыр-чатак чыккандыгын аныкташкан.

Мушташ «Электрозаводская» станциясынын сыртында болуп, анын кесепетинен бычактан алган жаракатынан М.Н. каза болгон. Андан сырткары, 3 кыргыз жараны Москва шаарынын
аймактык ооруканаларына жеткирилген:

  • Ош облусунун Өзгөн районунун 20 жаштагы  М.С. аттуу тургуну кабыргасы сынып, төш тарабында бычактан алган жаракаты менен мас абалында Москва шаарынын ага-инилер Бахрушиндер атындагы шаардык клиникалык ооруканасына түшкөн. 
  • Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 19 жаштагы Ш.Н. аттуу тургуну белинин сол жагында бычактан алган жаракаты менен Москва шаарынын Ф.И. Иноземцев атындагы шаардык клиникалык ооруканасына жеткирилген.
  • Ушул эле ооруканага башынын оң жагында алган жаракаты менен кыргыз жараны, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун 20 жаштагы тургуну Ж.С. түшкөн.

Каза болгон жигиттин денеси соттук-медициналык жана башка экспертизалардан кийин  Мекенине жөнөтүлөт. 

ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү Россияга акча табууга келген мекендештерди Россия Федерациясынын мыйзамдарын бузбоого жана коомдук жайларда жүрүм-турум эрежелерин сактоого чакырат.

«Өзгөчө башка өлкөнүн аймагында биздин мекендештердин жогорудагыдай укук бузган иш-аракеттери коомдук сын-пикирлерди жаратып, өлкөнүн имиджине терс таасирин тийгизет».